12:20
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

2022-жылы Тоолуу кыргыз облусун түзүү долбоорунун 100 жылдыгы белгиленет

2022-жылы Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаевдин Тоолуу Кыргыз облусун түзүү долбоорунун 100 жылдыгы белгиленмекчи. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жусуп Абдрахмановдун 120-жылдыгын белгилөө салтанатында билдирди.

Бул иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү пландалууда.

«Мына ушундай асыл максаттарга жетүү менен элибиздин ынтымагын түптөп, коомчулуктагы бөлүнүп-жарылууга жол бербейбиз! Ынтымак бар жерде ырыс бар! Жусуп Абдрахмановдун жана анын санаалаштарынын бизге калтырган улуу мурасын аздектеп, сактайлы! Бекем ынтымак менен гүлдөгөн Кыргызстанды куралы!», — дейт президент.

Эң көп окулган жаңылыктар