19:47
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Аскар Акаев: Мени Кыргызстанга Садыр Жапаров чакырган

Мурдакы президент Аскар Акаевдин Кыргызстанга Садыр Жапаров өзү чакырган. Бул тууралуу ал орусиялык «МК» басылмасына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Аскар Акаевге Садыр Жапаров өзү телефон чалып, өлкөгө чакырган.

«Андан сырткары УКМКнын башчысы, генерал Камчыбек Ташиевге ыраазымын. Ал жана анын бардык кол алдындагылары мага абдан жакшы мамиле кылышты. Алар мыйзамга ылайык иш кылышса да, абдан боорукер болушту», — дейт Акаев.

Аскар Акаевдин айтымында, Садыр Жапаров кадамын Россия президент Владимир Путин менен дагы макулдашкан.

«Эч кандай шек болгон жок, анткени менин сапарым тууралуу маселе Орусия менен Кыргызстандын президенттери Владимир Путин жана Садыр Жапаровдун деңгээлинде макулдашылган. Мен Владимир Владимировичке Орусияда мага ушунчалык меймандос мамиле кылганы үчүн чексиз ыраазымын. Бул жерде иштегениме 16 жыл болду, менин үй-бүлөм үчүн эң ыңгайлуу шарттар түзүлгөн», — дейт Аскар Акаев.

Эң көп окулган жаңылыктар