16:39
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Түркия Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттендиби? УКМКнын жообу

26-ноябрда Lenta.ru интернет сайтынын баракчасында жарыяланган «Түркия Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярдык көрүп жатат» деген аталыштагы маалымат жалган жана ал чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Улуттук коопсуздук кызматы чет мамлекеттердин эч кимиси Кыргызстандын ички саясий иштерине кийлигише албастыгын жана Мамкомитет эч кандай кийлигишүүгө, ошондой эле коомдо жана мамлекетте болуп жаткан процесстерге тышкы күчтөрдүн таасир этүү аракеттерине жол бербей турганын расмий билдирет.

Lenta.ru агенттиги аталган материалды телеграмм каналга шилтеп жазган. Анда Түркия Кыргызстандагы бейөкмөт уюм жана фонддору аркылуу бийликти алмаштырууну көздөгөнү айтылат. 

Эң көп окулган жаңылыктар