Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов проспектисинин «Киргизия-1» конушунун аймагында № 8 автобустун айдоочусу рулду башкара албай бакты сүзгөн. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
«Тез жардам» кызматынын маалыматында, 15 киши ооруканага жеткирилди. Алардын төртөө жаш балдар.
Олуттуу жаракат алгандар жок.