Президент Садыр Жапаров бүгүн2020-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына өткөрүлгөн республикалык сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөрүн сыйлады.
Биринчи топтун арасынан:
- I орун 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен - Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнө;
- II орун 1 000 000 (бир миллион) сом байге фонду менен - Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнө;
- III орун 500 000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен - Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнө;
Экинчи топтун арасынан:
- I орун 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен - ЫсыкКөл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө;
- II орун 1 000 000 (бир миллион) сом байге фонду менен – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүнө;
- III орун 500 000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен - Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнө.