04:40
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тажикстанда ооган качкындарынын саны 15 миңден ашты

Күн сайын тажик-ооган чек арасынан 500-600 ооганстандык жаран өтүүгө аракет кылууда. Бул тууралуу Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) коопсуздук күчтөрүнүн жана чалгын кызматтарынын башчыларынын жыйынында Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Саймумин Ятимов билдирди.

Тажикстан УКМК башчысы тажик-ооган чек арасындагы абалды «жетиштүү деңгээлде оор» деп атады.

«Өзгөчө акыркы эки айдан бери Ооганстандан Тажикстанга өтүп кетүүнү каалаган кишилердин кысымын байкап жатабыз. Качкындардын саны 15 миңден ашты», — деди Ятимов.

Ал «өлкө суткасына 24 саат даярдыкта болуу режиминде турганын» белгиледи.

Орусиянын президенти Владимир Путин КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын башчылары менен жолугушуу учурунда Ирак менен Сириянын аймагындагы террорчулар Ооганстанга жылып баратканын айтты.

«Ошондуктан террорчулар чектеш мамлекеттерде, анын ичинде КМШда абалды туруксуздаштырып, түз экспансиянын башталышына чейин аракет жасашы мүмкүн», — деди Путин.

Ал ооган чек арасындагы абалга дайыма мониторинг жүргүзүп, жоочуларга каршы даярдыкта болуп, биргелешкен атайын операцияларды өткөрүү зарыл экенин айтты.

Путин КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын негизги тапшырмаларынын бири Ооганстандан келген потенциалдуу коркунучтарды жок кылуу экенин белгиледи.

15-августта талибдер Кабулду басып алып, Ооганстанда согуш аяктаганын жарыялаган. Сентябрда өлкөнүн убактылуу өкмөтүнүн курамы түзүлүп, анын башчылыгына 2001-жылдан бери БУУнун санкциясындагы Мухаммад Хасан Ахунд бекитилген.

Эң көп окулган жаңылыктар