18:43
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Тажикстанда жарандык активист Рамзи Вазирбеков 13 жылга соттолду

Душанбе шаардык соту тажик бийлигин сындап жүргөн жарандык активист Рамзи Вазирбековду 13 жылга эркинен ажыратты.

Маалыматка караганда, сот Тоолуу Бадахшан автоном облусунда туулуп-өскөн Вазирбековду «Кылмыштуу уюмдарга аралашуу» жана «Конституциялык түзүмдү күч менен алмаштыруу» беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты.

Активисттин иши боюнча сот отурму 5-ноябрда жабык өткөн. Өкүм тууралуу маалымат 8-ноябрда гана ачыкка чыкты.

Өткөн жумада Душанбе шаардык соту 5-ноябрдагы отурумунда Рамзи Вазирбековдун бир тууганы Ораз Вазирбековду 16 жылга эркинен ажыратканы белгилүү болгон. Ал «Экстремизм» жана «Интернет аркылуу Конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырык жасоо» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Вазирбековдордун жакындары билдиргендей, айыпталуучулардын экөө тең тагылган айыптарды четке кагууда.

Ага-ини Вазирбековдор акыркы жылдары Москвада иштешкен жана социалдык түйүндөр аркылуу Тажикстандын бийлигин сындап жүрүшкөн. Экөө тең Орусиянын жараны.

Алар 29-июлда Москва шаарынын аэропортунда дайынсыз жоголгон. Бир аздан кийин тажик бийлиги алар өз ыктыяры менен мекенине кайтып келип, Тоолуу Бадахшандагы нааразылыктарга байланыштуу тергөөгө жардам берип жатканын билдирген.

Москвадагы памир диаспорасынын активисттери, Вазирбековдордун жакындары аларды тажик коопсуздук кызматы Тажикстанга күч менен алып кеткенин айтып чыгышкан.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунда 14-майдан тартып нааразылык акциялары башталган. Күч органдары 18-майда жол тоскон адамдарды «деструктивдүү күчтөр» деп атап, аларга каршы «антитеррордук операция» өткөргөн. Анда «сегиз жоочу жок кылынып, 11и жарадар болгону» маалымдалган. Соңку маалыматтарда 220 адам кармалганы ырасталды.

Андан бери нааразылыктарды уюштурууга айыпталган ондогон активист кармалып, камалды. Тажикстандын Жогорку соту башаламандыктарды уюштурууга айыпталган Тоолуу Бадахшан автоном облусунун чек ара кызматынын мурдагы башчысы Холбаш Холбашовду өмүр бою абакка кескен.

Эң көп окулган жаңылыктар