08:15
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Баткенде селден жабыр тарткан 75 үй-бүлө жаңы айылга көчүрүлөт

Баткен жана Лейлек районундагы сел жүрүү коркунучу күч аймакта жашаган 75 үй-бүлө жаңы айылга көчүрүлөт. Бул тууралуу президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн аларга Кадамжай районунун Бүргөндү айылынын Дюкр участкасынан жер бөлүнүп берилди.

«Облус башчысынын көзөмөлүнүн астында үч райондун элин бир участкага жайгаштырып, жаңы Ынтымак айылы түптөлө башталды. Турак жай салуу үчүн жер тилкесин алып жаткан 75 жаран Баткен районунун жана Лейлек районунун тургундары, жашаганга кооптуу делген аймактардан келишкен. ӨКМ кызматы тарабынан көчүрүү чечими чыккан. Жалпысынан Дюкр участкасында башкы планы даяр, бүгүнкү күндө 1500 дөн ашык адамга турак жай үчүн жер берилген», — дейт обладминистрация.


Эң көп окулган жаңылыктар