Кыргызстанда 6-октябрга карата коронавирус дагы 80 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 40, Чүй облусунда — 22, Ош облусунда — 1, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 8, Жалал-Абад облусунда — 5, Баткен облусунда — 1 адамдан илдет табылган.
«Ал эми бир суткада 90 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 40, Чүй облусунда — 31, Ош облусунда — 2, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 14 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.
Сутка ичинде Бишкекте эки бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 451 бейтап, амбулатордук түрдө 684 адам дарыланууда.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 843 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 680 медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 932 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 712 киши айыгып чыкса, 2 миң 612 адам каза болду.