23:05
USD 87.00
EUR 90.64
RUB 0.85

Садыр Жапаров Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсүнө убадалаган батирди берди

Садыр Жапаров 2020-жылдын октябрь окуялары учурунда каза болгон Алтынбек уулу Үмүтбектин атасы Алтынбек Жуматаев менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу алдында Мамлекет башчысы Үмүтбектин арбагына багыштап Куран окуду.

Садыр Жапаров жаш жигиттин туугандары менен жакындарына дагы бир жолу көңүл айтып, ата-эне үчүн баланын ордун эч нерсе толтура албасын белгиледи.

Президент октябрь окуяларынан көп өтпөй, Бишкек шаарынын мэриясына Үмүтбектин үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүү үчүн батир берүүнү тапшырганын, бирок маселе борбордук мэриянын айрым кызматкерлеринин шалаакылыгынан улам кечеңдеп кеткенин кошумчалады.

Мамлекет башчысынын бул тууралуу жакында эле маалыматы болуп, аталган кырдаалды жеке көзөмөлүнө алган жана бүгүнкү күндө бардык маселелер чечилген.

Ал Алтынбек Жуматаевге Бишкек шаарындагы эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Президент Үмүтбектин үй-бүлөсүнө бакыт жана жаңы үйүндө жакшылыктарды каалап, ошондой эле кайрат жана сабыр тиледи.

Өз кезегинде Алтынбек уулу Үмүтбектин жакындары Мамлекет башчысына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришти.

Президент Садыр Жапаров менен жолугушуудан соң, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев каза болгон жаш жигиттин үй-бүлөсүнө жаңы батирин көрсөттү.

Эң көп окулган жаңылыктар