19:53
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Каракол» улуттук эс алуу жайында 17 жаштагы кыз өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылды

«Каракол» улуттук эс алуу жайында 17 жаштагы кыз өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылган. Буга жакындары менен пикир келишпестик болгондугу себеп. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ысык-Көл ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-сентябрда Каракол ШИИББга кыздын тууганы кайрылган. Ал өспүрүм кыз улуттук эс алуу жайынан түшкөн сүрөтүн жиберип, андан кийин телефон чалууга жооп бербей жатканын айткан.

«Кыз үйүнөн чыгып кетип келген эмес. Тартип сакчылары окуя болгон жерге барып, бадалдардын арасынан кызды таап алышкан. Ал бакка асынып алууга аракет кылып жаткан. Милиция кызды ШИИББга алып келип, профилактикалык сүйлөшүү жүргүздү. Өспүрүмдүн айтымында, апасы Орусияда иштейт. Ал жакын туугандары менен пикир келишпестиктар жаралганын, мындан улам өмүрүнө кол салууга аракет кылганын айткан», -деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума