16:02
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Кара-Сууда каналга түшүп кеткен бир жашар наристе табыла элек

Кара-Сууда каналга түшүп кеткен наристени издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-сентябрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районундагы Тойчу айылында 1997-жылы туулган И.М. аттуу аял 2018-жылы жана 2020-жылы туулган кыздары менен Отуз-Адыр каналына түшүп кеткен.

Жергиликтүү тургундар тарабынан аял жана анын 2018-жылы туулган кызы суудан аман-эсен чыгарылып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Бүгүн жерине экинчи кызды издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден 16 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 15 киши тартылды.

Эң көп окулган жаңылыктар