Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Дамир Кулубаев Ош облусунун Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
2017-жылдан 2018-жылга чейин Кулубаев Чүй облусунун Панфилов районунун акими болуп иштеген.
Дагы бир жарлыгы менен Садыр Жапаров Бактибек Анаркуловду Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими кылып дайындады.