Тажикстандын укук коргоо органдары Лейлек районунун жаранын кармап кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.
Маалыматка караганда, 1995-жылы туулган Жаштык айылынын тургуну Жигдали айылына бара жаткан.
Ал чек араны мыйзамсыз кесип өтүү айыбы менен кармалып, Худжант шаарына алынып кетти.