USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Ташкентте самбо боюнча дүйнө чемпиону өлтүрүлдү

10:42, 15 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Ташкентте жаңжал учурда бычак жеген 29 жаштагы кашкадарыялык спортчу Камолиддин Расулов кайтыш болду.

Самбо боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионун, улуттук күрөш боюнча дүйнөлүк биринчиликтин жеңүүчүсүн өлтүрүүгө башка бир спортчу шектелүүдө.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдиргендей, окуя 13-сентябрда Ташкенттин Үчтепе районунда болгон. Кечинде шектүү делген киши Камолиддин Расуловго чалып, анын кеңеши менен сатып алган Humo Trop витаминдеринин айынан саламаттыгы начарлап кеткенин, дарыгерлер айыкпай турган ооруга чалдыкканын билдиргенин айткан.

Телефондук сүйлөшүүдөн кийин экөө жолугуп, ортодо жаңжал чыккан. Уруш учурунда шектүү Камолиддин Расуловду бир нече жолу ашкана бычагы менен сайып жиберген.

Бул факты боюнча Үчтепе райондук прокуратурасы Ш. Т. аттуу жаранга кылмыш ишин козгоду. Шектүү кармалды.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, кармалган киши — дзюдо жана улуттук күрөш боюнча Өзбекстан чемпиону.

Августта Карши шаарында Элбек Рахимов аттуу спортчу өлтүрүлгөн. Кол салууга шектелген жети кишинин алтоо кармалган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика