01:57
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Ооган качкындары Өзбекстанга Амударыя аркылуу өтүп жатышат

збекстан Ооганстан жарандарынын өлкө аймагына мыйзамсыз кирүүсүнө жол бербөө боюнча катаал чараларды көрүп жатканына карабастан, ооган качкындары Амударыя аркылуу коңшу өлкөгө өтүп жатканы кабарланууда.

Өзбекстандын Сурхандарыя облусуна караштуу Музрабад районунун тургундары 12-сентябрда мамлекеттик чек арадан ооган качкындарынын кезектеги тобу мыйзамсыз өткөнүн билдиришти.

«12-сентябрда болжол менен түнкү саат экилерде бир нече ооган чек арадан өтүп келгени кабарланды. Кечинде алар жергиликтүү тургундардын үйлөрүн каккылап, нан сурашкан. Чочуп кеткен үй ээси кыйкырып, коңшуларын жардамга чакырган. Аймакта жүргөн аскерлер сегиз ооганстандыкты кармаганы айтылды. Азыр алар Музрабаддын көчөлөрүн күзөтүп жүрүшөт», — деди тургундардын бири.

Дагы бир жергиликтүү жашоочунун айтымында, ооган качкындары дээрлик күн сайын чек арадан мыйзамсыз өтүп жатышат.

«Ооган качкындары дээрлик күн сайын чек арадан мыйзамсыз өтүп, аларды биздин аскерлер кармап жатканы айтылууда. Маалыматтарга караганда, алар түнкүсүн дарыядан сүзүп өтүп жатышат. Кармалгандар атайын лагерлерге жеткирилип, тамак берилгенден кийин кайра Ооганстанга кайтарылууда. Алар аскерлер же талибдер эмес, жөнөкөй оогандыктар экени айтылууда», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби