00:29
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Улукбек Марипов билим күнүнө карата Чүйдөгү мектепте «Тынчтык сабагын» өтөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов соцтармактагы баракчасы аркылуу 15-сентябрда Чүй облусундагы мектептердин бирине барып, «Тынчтык сабагын» өтөрүн билдирди.

Улукбек Марипов класстык саатты министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары жана мүчөлөрү дагы өтөрүн жазган.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 15-сентябрда мектептерде окуу салттуу түрдө башталат.

Эң көп окулган жаңылыктар