09:18
USD 88.36
EUR 95.26
RUB 0.96

Баткенди кайра куруу. Жаш активисттер президенттин убадасын көзөмөлгө алмакчы

Жаш активисттер 28-30-апрелде Тажикстандын куралдуу кол салуусунан кийин Баткен облусун кайра калыбына келтирүү иштерин көзөмөлдөөнү кол алды.

Алардын айтымында, Баткен элине берилген убадалардын аткарылышы текшерилип турат.

«Быйыл Кыргызстан эгемен өлкө болгонуна 30, Баткен облус болгонуна 22 жыл толду. Бирок чек аранын аныкталбай жатканы жылдар бою баткендиктерди коркунучтун барымтасында кармап келе жатат. Чар тарабын Тажикстан менен Өзбекстан курчаган кичинекей облустун эли чабуулдан да, кыргыз бийликтеринин убадаларынан да чарчады. Демек эл башчыларынын оозунан айтылган убаданын аткарылышына коомдук көзөмөл кажет. Дал ошол максат менен биз, баткендик жаштар, UBADA BATKEN демилгесин баштадык», — дейт алар.

Долбоор боюнча толук маалыматты www.ubada-batken.com сайтынан окуп, социалдык тармактагы баракчалары аркылуу чек арадан маалымат менен таанышып турууга болот.

Эң көп окулган жаңылыктар