10:42
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өзбекстан чет өлкөлүктөргө электрондук виза берүүнү убактылуу токтотту

6-сентябрдан тартып Өзбекстанда электрондук виза берүү токтотулду. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Министрликтин билдирүүсүндө электрондук виза берүүнү токтотуу “e-visa.gov.uz системасындагы профилактикалык иштерге байланыштуу” экени айтылган. Ошол эле маалда мындай кырдаал канчага чейин уланары белгиленген эмес.

Өзбекстанда электрондук виза бир катар өлкөлөрдүн жарандарына жеңилдетилген тартипте берилет.

Бл документти 30 күнгө чейин Өзбекстанга турист катаруу барууну пландаган чет өлкөлүк жарандар ала алышат. Бул үчүн үч күн мурун электрондук портал аркылуу өтүнмө жиберүү керек.

Эң көп окулган жаңылыктар