23:30
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтун протоколуна кол коюлду

Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 2021-жылдын 1-7-сентябрына чейин Тажикстандын Согди облусунун Исфара шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду. Тараптар кезектеги жолугушууну Кыргызстан аймагында өткөрүүнү макулдашты. Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү манайында өттү.

Эң көп окулган жаңылыктар