18:08
USD 87.45
EUR 90.04
RUB 0.85

Садыр Жапаров Владислав Шулико менен жолугуп, 500 миң сом берди

Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда, кыргызстандык суучул, спорт чебери Владислав Шулико менен жолугушту.

Жылуу баарлашуу жүрүшүндө мамлекет башчысы Ысык-Көлдү узунунан 181 чакырым сүзүп өтүп, дүйнөлүк рекорд койгон Владислав Шуликонун эрдигин дагы бир жолу белгиледи.

«Кандай гана кыйынчылык болбосун өзүңө ишенүү жана максатыңа жетүү керектигин өз мисалыңда көрсөттүң. Буга чейин мындай эч ким кылган эмес. Бүт өлкө сенин сүзгөнүңдү байкап жана абдан кабатырланып атты», — деди Садыр Жапаров.

Ал бул сүзүп өтүү Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына белек болгонун белгиледи. Муну менен Владислав Шулико өсүп келаткан муунга жакшы үлгү көрсөтүүдө.

Аны менен катар президент Владислав Шуликонун жетишкендиги жөнүндө Гиннестин рекорддор китебине билдирме берүү үчүн каражаттын жетишсиздигине байланыштуу кыйынчылыктардан кабардар экенин билдирди.

Садыр Жапаров мамлекет өз тарабынан активдүү жаштарды колдоого алып жана спорттук жетишкендиктерге дем берүүгө милдеттүү экенин белгиледи. Буга байланыштуу президент өзүнүн фондунан Владислав Шуликого 500 миң сом бөлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар