Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев милицияга сурак берип чыкты. Кундуз Жолдубаеванын айтымында, Сагымбаев 2020-жылдагы октябрь окуяларында жапырт башаламандыкты уюштурууга айыпталып жатат.
Канат Сагымбаев 2019-жылдын август айында Чүйдүн Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы башаламандыкка айыпталып кармалган. № 1 тергөө абагына камалып, 2020-жылы 6-октябрдагы башаламандык учурунда тарапташтары аны бошотуп алышкан.
Кийин кайра камакка алынып, октябрь окуяларына шектүү катары тергеле баштаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-декабрда Сагымбаевдин бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарган.