16:07
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстан 2030-жылга чейинки аскердик концепция иштеп чыгат

Кыргызстан 2030-жылга чейинки аскердик концепция иштеп чыгат. Бул тууралуу парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында коргоо министринин орун басары Нурлан Кирешеев билдирди.

Анын айтымында, Куралдуу күчтөр тармагына олуттуу өзгөрүүлөр киргизилет.

«2030-жылга карата концепция иштеп чыгып жатабыз. Аскердик күчтөндүрүү, бекемдөө маселеси каралууда. Кубаттуу армия түзүү максаты коюлду», — деди ал.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров кыргыз армиясын кубатын жогорулатууга аракеттер көрүлөрүн айткан. Ал эмки жылга өлкөнүн коопсуздугун толук камсыз кыла ала турган армия түзүлөрүн белгилеген. 

Эң көп окулган жаңылыктар