05:22
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 109 кишиден вирус аныкталып, 4 киши каза болду

Кыргызстанда 6-сентябрга карата коронавирус дагы 109 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 36, Ош шаары — 1, Чүй облусунда — 31, Талас облусунда — 2, Нарын облусу — 4, Ысык-Көл облусунда — 29, Жалал-Абад облусунда — 5, Баткен облусунда 1 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 101 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 30, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 18, Ош облусунда — 5, Талас облусунда — 35, Нарын облусунда — 6, Ысык-Көл облусунда — 21, Жалал-Абад облусунда — 7, Баткен облусунда — 10 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек 3, Чүй облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 845 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 109 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча коронавирусту жуктурган медициналык кызматкер жок. Пандемия башталгандан бери 6 миң 790 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 508 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 582 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 170 миң 624 киши айыгып чыкса, 2 миң 554 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума