23:49
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 142 кишиден вирус аныкталып, 4 киши каза болду

Кыргызстанда 2-сентябрга карата коронавирус дагы 142 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 59, Чүй облусунда — 28, Талас облусунда — 3, Нарын облусу — 3, Ысык-Көл облусунда — 33, Жалал-Абад облусунда — 2, Баткен облусунда 10 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 102 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 24, Чүй облусунда — 35, Ош облусунда — 4, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 17, Жалал-Абад облусунда — 8, Баткен облусунда — 8 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте эки, Чүй жана Баткен облустарында бирден бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 954 бейтап, амбулатордук түрдө 910 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 787 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 500 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 18 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 170 миң 169 киши айыгып чыкса, 2 миң 536 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар