20:41
USD 87.41
EUR 103.01
RUB 1.12

Шашылыш билдирүү. Ысык-Көл жана Нарын облустарында сел жүрүшү күтүлөт

24-августунан 25-августуна чейин Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Эң көп окулган жаңылыктар