14:02
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Чолпон-Атада Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

2021-жылдын 19-20-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Кыргызтанды министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышышат.

Жыйынга байкоочу катары Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Крус (видеоконференция аркылуу) катышышат.

Өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны тар жана кеңейтилген форматта өтөт.

Өкмөт башчылары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара жана тышкы соодасын камсыздандырууну колдоо, товарларды ташып чыгууда белгиленген бир жактуу тарифтик эмес чараларды жакындатуу маселелерин, ошондой эле экспорттук бажы алымдарын карашат.

Мындан тышкары, шайкештикти баалоо чөйрөсүндө аккредитациялоо боюнча Евразия аймактык уюмун түзүү маселеси жана күн тартибиндеги башка бир катар актуалдуу маселелер каралат.

Эң көп окулган жаңылыктар