7-августта саат 13:00дө Ала-Тоо аянтында Токиодо Олимпиада оюндарына катышкан, биздин сыймыгыбыз болгон спортчуларды тосуу аземи болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Олимпиада оюндарында байге менен келе жаткан Айсулуу Тыныбекованы, Мээрим Жуманазарованы, Акжол Махмудовду жана Кыргызстандын курама командасын бирге тосуп, концерттик программа тартууланат.