22:21
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Улукбек Марипов: Айсулуунун бүгүнкү күмүшү алтынга тете

Улукбек Марипов Токиодогу XXXII жайкы Олимпиадалык оюндардын жеңүүчүсү, кыз-келиндер арасындагы күрөштө күмүш медалды жеңип алган Айсулуу Тыныбекованы куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

«Айсулуу, мен сизди Олимпиадалык оюндарда ийгиликтүү оюн көрсөткөнүңүз үчүн чын ниеттен куттуктайм. Жалпы мекендештердин атынан сизге айтаарым — сиз Азаматсыз! Бүгүнкү «күмүшүңүз» алтынга тете. Бул жалпыбызга зор дем берет. Биз сиз жана Олимпиадалык курама команданын жалпы мүчөлөрү менен сыймыктанабыз. Айсулуу, сизге жана сиздин ата-энеңизге жеңиш үчүн, жаркын маанай үчүн, өз өлкөбүз үчүн сыймыктануу мүмкүнчүлүгүн тартуулагандыгыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз!» — деди Улукбек Марипов.

Ал белгилегендей, Олимпиадалык оюндар атамекендик спортчулар үчүн эл аралык аренадагы жаңы жана бийик жеңиштерге секирик жасоо үчүн жол салып, өлкөдө спортту жайылтууга жана ага жаштарды тартууга өбөлгө түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар