Сарыбашов Таалайбек Насирбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, жаңы мэр шайланганга чейин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
Таалайбек Сарыбашовду президент администрациясынын уюштуруу -текшерүү иштери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Жалалов борбордун активдери менен тааныштырды.
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.