Башкы прокуратуранын маалыматында 2021-жылдын январь-июнда республиканын аймагында 23,5 миң кылмыш катталып, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге көбөйгөн.
Ал эми жоруктан 30 пайызга көбөйүп, 12 миң каттоого алынган.
Кылмыштардын 61 пайызы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жасалган.
Кылмыштардын жалпы санында 2 миңден ашыгы же 11,6 пайызы оор жана өзгөчө оор деп бааланат. Алардын негизги бөлүгү жеке менчикке карата жүргүзүлгөн мыйзамсыз аракеттер.
Өткөн жылга салыштырмалуу алардын саны 1,6 эсеге, анын ичинде алдамчылык – 2,1 эсеге, уурдоо – 1,5 эсеге, тоноо – 24,5%га өстү.
Үстүбүздөгү жылдын жарым жыл ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу 36%га, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же чыгымдоо учурлары - 2,2 эсеге жана паракорлук – 1,4 эсеге өстү.
Кылмыштын саны Ысык-Көлдө 2,4 эсеге, Ош шаарында 1,7 эсеге, Ош облусунда 1,5 эсеге жана Бишкек шаарында 1,4 эсеге өсүшү белгиленди.
2021-жылдын алты айында 13 миң киши кылмыш жасап, алардын саны 15,6 пайызга көп.
Кылмыш жасоого шектелгендердин 17 пайызы - аялдар, 5 пайызы - жашы жете электер.