12:46
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Тажик жарандары Ак-Сай айыл аймагынын башчысын сабашкан

Тажик жарандары Таш-Тумшук айылында Ак-Сай айыл аймагынын башчысы Алимбек Сабировду сабашты. Бул тууралуу ал өзү 24.kg агенттигине билдирди.

Обладминистрациянын маалыматында, , 29-июль күнү 20:10 чамасында Баткен облусундагы чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча КР Президентинин атайын өкүлү М.Рахимов жана КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары М.Тулаев Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын башчысы А.Сабиров Ак-Сай айылындагы жаңыдан курулуп жаткан үйлөрдүн курулуштарынан кабар алган соң Таш-Тумшук айылына барышкан.Анда өрттөлгөн турак үйлөрдүн жайын көрүп жаткан учурда жанаша жайгашкан Тажикстандын Хожа-Ало айылынын 15-20га жакын тургундары келишкен.Ортодо пикир келишпестик жаралып,Тажикстандын бир жараны таш менен урган.Натыйжада Ак-Сай айыл аймагынын башчысын авто унаасынын алдыңкы жана арткы айнектери сынган.

«Алар мени билишет. Мени көрсөтүп эле сабай башташты. Азыр ооруканага келдим», — дейт ал.

Окуя катталгандан кийин ыкчам териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн кыргыз-тажик чек арасында эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жолугушту.Анда тажик жарандарынын жат аракеттери боюнча маселе көтөрүлүп,тажикстандын жарандары тарабынан келтирилген материалдык чыгымдарды төлөп,таш урган тажик жарандарына карата мыйзам чегинде чара көрүлөөрүн Тажикстандын Исфара РИИБнын башчысы убадалады.

Учурда Баткен районунун акими жана Исфара районунун акими жана эки тараптын райондук күч органдарынын жолугушуусу жүрүүдө.Анда акимдердин деңгээлинде чыр-чатактарды кайрадан болтурбоо жана алдын алуу,чагымчыл аракеттерге бөгөт коюу жана орун алган пикир келишпестиктердин себептерин эки тараптуу күч органдары тарабынан иликтөө иш аракеттерин жүргүзүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар