21:35
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Баткенден өзгөчө макамы боюнча мыйзам долбоор үч окууда кабыл алынды

Баткенден өзгөчө макамы боюнча мыйзам долбоор үч окууда кабыл алынды.

Бул маселе боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Таабалды Тиллаев маалымат берип, экинчи окуудан Министрлер кабинети депутаттардын каржылоо булагы жок деген сын-пикирлерин эске алганын, мыйзамды ишке ашырууга жыл сайын 500 млн.сомдон каражат каралганын билдирди.

Талкуу учурунда депутаттар Баткен облусун социалдык-экономикалык жаткан өнүктүрүүгө багытталган бир катар сунуштарды беришти. Алар ошондой эле чек ара коопсуздугун камсыздоо системасын күчөтүүнүн, инфраструктураны өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Депутат Абдывахап Нурбаев Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгырым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын көбөйтүүнү сунуштаса, депутат Карамат Орозова облустун тургундарын социалдык жаткан коргоону күчөтүү боюнча маселе көтөрдү. Депутаттар Эмил Токтошев жана Сайдалимжон Джураев документ декларациялык мүнөзгө ээ болуп калбашы үчүн инвестициялык кепилдиктерди жана салыктык преференцияларды киргизүүнүн зарылдыгын айтышты. Депутат Рыскелди Момбековдун пикири боюнча, 500 млн.сом облусту өнүктүрүү үчүн жетишсиз, эмгеке акы төлөөнүн жана пенсиялык камсыздоонун өзгөчө шарттарын карап, контрабандага каршы күрөшүү боюнча чараларды көрүү зарыл. Депутат Айнура Осмонова Баткен обулусундагы чек ара чыр-чатагында кыйраган үйлөрдүн курулушуна көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар