21:11
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстан менен Казакстан президенттери кызматташуу маселелерин талкуулашты

Бүгүн, 1-февралда, Садыр Жапаров Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, мамлекет башчылары аймактык кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, коронавирус инфекциясы пандемиясынын жайылышына каршы күрөшүү, ошондой эле соода-экономикалык жана транспорттук-транзиттик чөйрөлөрдө кызматташууну өнүктүрүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты.

Садыр Жапаров кыргыз-казак союздаштык мамилелерин жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары дагы чыңдоого бар күч-аракетин жумшаарына ишендирди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума