02:04
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Садыр Жапаров менен Дмитрий Козак вакцина маселесин талкууга алышты

Садыр Жапаров Россия президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козакты кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз-россия эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечектүү багыттары, ошондой эле Садыр Жапаровдун ушул жылдын 24-майында Сочи шаарында Владимир Путин менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушууда тараптардын коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча көрүп жаткан чараларды, анын ичинде өлкөгө Россия вакцинасын жеткирүү маселеси да талкууланды.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби