06:01
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Максатта чек ара жаңжалында кыйраган мектеп 1-сентябрда ачылат

"Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 21-июлда эки күндүк сапар менен Баткенге барды.

Анда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркаган Максат айылында жергиликтүү тургундар менен жолугуп, кыйраган турак-жайларды калыбына келтирүү иштери менен таанышты.

"Финансылык маселелер чечилген. Каражат бөлүнгөн. Объектилердин куруу менен катар айылдагы инфраструктураны жакшыртуу, негизги көчөлөрдү асфальтташтыруу жана жарыктандыруу зарыл. Мектепти калыбына келтирүү иштери толугу менен бүткөн. Мектеп 1-сентябрда окуучуларды тосуп алууга даяр«,- деди Министрлер кабинетинин төрагасы.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, Максатта фельдшердик-акушердик пункттун курулушу аяктап калды, милициянын аймактык бөлүмүнүн имараты толук оңдолду. Ушул тушта 100 орунга эсептелген «Сейтек» бала бакчасынын 70% курулду. Учурда аталган айылда он үй толук курулуп бүтүп, дагы 40 тамдын курулушу теңинен жогорулап калды. Максатта жалпысынан 83 турак-жай салынат.

Марипов ошондой эле Лейлектеги Кулунду менен Сада айылдарында болду.

Эң көп окулган жаңылыктар