07:44
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Мыйзамдуу, же басып алуу? «Ак-Өргөдөгү» үйгө Камчыбек Жолдошбаев неге аралашты

Өткөн жумада «Ак-Өргө» жаңы конушунун тургуну Сапаргүл (Мансура)Бекеева каза болду. Ал бир нече жыл мурда инсульт болуп, төшөктө жатып калган. Социалдык тармакта аялдын өлүмүн Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин ысмы менен байланыштырылган видео-кайрылуулар жарыяланды. Блогер Жолдош Сыргаков Камчыбек Жолдошбаев Сапаргүл Бекееванын үйүн тартып алууга аракет жасап жатканын айтып чыкты.

Ал кимдин үйү? Эмнеге байлыгына карабай депутат жаңы конушдагы чакан жер тилкесине көз артууда? Сапаргүл Бекееванын үй-бүлөсү ал үйдүн мыйзамдуу кожоюндарыбы?

Бул жана башка суроолорго «Центр-Кредит-Бизнес» микрокредит компаниясынын өкүлдөрү жана талашка түшкөн үйдүн ээси Айнур Жакыпова жооп берди.

Жер тилкеси жана үй кимге тиешелүү?

«Ак-Өргө» жаңы конушундагы Ак-Мөөр -№ 10 дарегиндеги үйдү Кылычбек Жакыпов 2009-жылы сатып алган. Ага жер тилкесинин мамлекеттик акты жана үйдүн техникалык паспорту далил.

Үйдүн документтеринде Кылычбек Жакыповдон кийин кыймылсыз мүлк үч жолу колдон колго өткөнү көрсөтүлөт — «Центр-Кредит-Бизнес» микрокредиттик уюму, Максат Аликов жана Айнур Жакыпова.

Үйдүн азыркы кожоюуну аны 2021-жылдын 28-майында сатып алган.

«Мен кассир болуп иштейм. Өзүбүздүн башка райондо үйүбүз бар. Чоңураак тилке алып, үй салалы деген планыбыз бар эле. Тааныштар аркылуу бул үй боюнча угуп калдык. Жакты, Максак Аликовдон сатып алдык», — дейт Айнур Жакыпова

Үй кантип микрокредиттик компаниянын карамагына өткөн?

2009-жылы Кылычбек Жакыпов «Центр-Кредит-Бизнес» микрофинансалык компаниясынан кредит алган. Ага күрөөгө жер тилкесин үйү менен бирге коет.

Бирок, Кылычбек Жакыпов алган акчасын убагында төлөй албай калат. Компания кредитти кайтарып алуу үчүн кардарга дагы мүмкүнчүлүк бергенге аракет кылат. Бирок, Кылычбек Жакыпов тараптан акчаны кайтарууга далалат болбогондуктан, 2012-жылга чейин күрөөгө коюлган мүлктү өткөрүп алуу иштери жүрөт.

«Центр-Кредит-Бизнес» компаниясынын документтерине ылайык үй 2020-жылга чейин алардын балансында турган.

2020-жылдын 25-августунда үйдү Максат Аликов сатып алат. Ал бир жыл өтпөй үйдү Айнур Жакыповага сатат.

Бул ишке депутат Камчыбек Жолдошбаевдин ысмы кантип аралашып калат?

«Центр-Кредит-Бизнес» микрокредиттик уюму Камчыбек Жолдошбаевдин кызы Гулизага таандык. Жогоруда айтылган, мүлк аталган компанияга күрөөгө коюлуп, андан кийин карамагына өткөн.

Ошондуктан блогер Жолдош Сыргаков менен Сапаргүл Бекееванын үй-бүлөсү депутаттын атына жармашып жатышат.

Таң калыштуусу, соода түйүнү, базары жана курулуш компаниясы бар адамга жаңы конушдагы чакан жер тилкеси менен эски үйдүн кереги эмне?

Ошол эле блогер Жолдош Сыргаков Камчыбек Жолдошбаевдин үй-бүлөсүнө тийиштүү компания Бишкекте жаңы кичи районду курууга камынып жатканын жарыялаган. Ордо калаада шаарча куруп жаткан үй-бүлө чакан жер тилкесин талашып, ашыкча ызы-чууга аралашабы?

Камчыбек Жолдошбаев эки жыл мурда Ак-Талаа районундагы 3 миң чарчы метрлик имаратын жергиликтүү бийликке мектеп ачууга өткөрүп берген. Башкача айтканда килейген имаратка оңой эле кол булгап койгон. Өткөн жылы COVID-19 менен күрөшүү үчүн өкмөттүн эсебине 1 миллион сом которсо, ага чейин Ат-Башы районунда узундугу 10 километр болгон суу каналын салган.

Депутаттын жактоочулары Ленин райондук сотуна блогер Жолдош Сыргаковдун Камчыбек Жолдошбаевдин ар-намысына шек келтирип, жалган жалаа жаап жатканына даттанып, доо арыз жолдошту.

Сапаргүл Бекееванын үй-бүлөсү эмнеге бул үйдө жашашат?

Маркум Сапаргүл Бекеева үйдө квартирант болчу. Ал кызы жана уулу менен көп жылдан бери ижарага алып жашап келген.

Блогер Жолдош Сыргаков Facebook баракчасында Сапаргүл Бекееванын көзү тирүү кезинде жазылган видеону жарыялады. Анда ал 15 жылга жакын убакыттан бери ушул үйдө жашап жатканын, үйгө документтери бар экенин айтат.

«Менин билишиме караганда Сапаргүл Бекеева ал жерде 11 жылдай жашаган. Мага үйдөн саткан адамдар аларды квартирант экендигин, жакында чыгып кетерин айтышкан. Сатып аларда биз баардык кагаздарды текшерип чыкканбыз. Үйдүн документтери толук мыйзамдуу», — дейт Айнур Жакыпова.

Микрокредиттик компаниянын өкүлдөрү дагы Сапаргүл Бекеевада эч кандай документтер жоктугун, анын үй-бүлөсү эч нерсеге ээ эместигин айтышат.

«Сапаргүл Бекеева менен биздин компаниянын өкүлдөрү сүйлөшүшкөн. Ал жети жыл мурда инсульт алып, төшөктө жатып калган. Биз боорубуз ачып, ага түшүнүү менен мамиле кылып, бекер жашай берүүгө уруксат бергенбиз. Эже биз менен сүйлөшүп, убагы келгенде чыгып кетерин айтчу. Анан акыркы убакта эле өзгөрүп, үйдү жаңы кожоюндарга бошотуп бергиси келбей калды. Биздин жакшылыкка ушунтип жооп берүүдө. Документтерди көрсөтүү суранычыбызга кыйкырып гана жооп беришет. Бир да кагаз көрсөткөн жок», — дейт микрокредиттик компаниянын өкүлдөрү.

Үйдүн алдына контейнерди ким койду?

Учурда үйдүн алдында, эшигин тиреп контейнер турат. Блогер Жолдош Сыргаковдун айтымында, үйдүн эшиги дагы жакшы ачылбайт. Контейнерди үйдүн кожойкеси Айнур Жакыпова койгон.

«Мен квартиранттар менен баарын сүйлөшкөнмүн. Эски курулуштарды бузуп, жаңы үй саламын. Андыктан курулуш материалдарын түшүрүү үчүн контейнерди койгонмун.Берки жагына пайдубал куюлат. Ошондуктан контейнер үйгө жакын коюлуп калды. Бирок, эшик ачылат. Анүстүнө квартиранттар сөзүнө туруп, чыгып кетиши керек эле», — дейт Айнур Жакыпова.

Кожойке маркул Сапаргүл Бекееванын кызы акылга келип, чырлуу блогерлердин артынан ээрчибей, үйдөн чыгып кетет деген ойдо.

«Кызы мектепте мугалим болуп иштейт экен. Бала-чакасы бар экен. Эми бирөөнүн мүлкүн басып алууга болбостугун түшүнөр. Болбосо менин дагы укук коргоо жана сот органдарына кайрылууга укугум бар», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар