12:46
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Чек арада каза болгон Хуснидин Хожиевдин сөөгү Тажикстан аркылуу жеткирилет

Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда каза болгон аскер Хуснидин Хожиевдин сөөгү Тажикстан аркылуу жеткирилет. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, атышуу болгон жер тоолуу аймакта жайгашкандыктан аскерди сөөгү Тажикстан аркылуу жеткирилет.

Белгилей кетсек, кечээ Көк-Таш айылынын Гөш-жайлоо деген аймагында ок атышуу болуп, бир кыргыз аскери көз жумду. Дагы бирөөнү Тажикстан тарап барымтага алып алды.

Эң көп окулган жаңылыктар