11:58
USD 87.41
EUR 103.01
RUB 1.12

Ысык-Көлдө жер титирөө катталды

Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө 7-июль күнү саат 11:07де болгон.

Жер титирөө Тоң районунун Туура-Суу айылында 3 балл, Оттук, Орто-Токой айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар