Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов бардык министрликтерге, мекемелерге, уюмдарга, ошондой эле Каракалпакстандын Министрлер кеңеши менен облустук акимчиликтерге латын арибинин негизинде түзүлгөн өзбек алфавитин киргизүү иштерин тездетүүнү тапшырды.
Быйыл 10-февралда Өзбекстандын министрлер кабинети акырындык менен латын арибине өтүүнүн «жол картасын» бекиткен. Ага ылайык, бардык жер-суулардын, көчөлөрдүн, мекеме-уюмдардын аталыштары, терминдер, жарыялар, жарнамалар жана иш кагаздары 2022-жылдын декабрына чейин латын арибине өткөрүлүшү керек болгон.
Эми премьер-министрдин жаңы чечими менен аткаминерлерге бул маселени «Эгемендиктин 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүүнүн алкагында» 1-августка чейин аткаруу милдети жүктөлдү.