16:41
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өкмөт Баткендеги үйлөрдү 1-сентябрга чейин толук бүтүрүүнү убадалайт

1-сентябрга Баткен облусунда Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган үйлөрдүн курулушу аяктайт. Бул тууралуу маалымат жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Баткен жана Лейлек райондорунда 140 үйдүн курулушу жүрүп жатат.

«Ошондой эле Баткенде каза болгон жарандардын жакындары үчүн курулуп жаткан 36 үйдүн курулушу 80-90%га бүтүп калды. Анда электр энергиясы тартылып, канализация жана таза ичүүчү суу маселелери чечилип жатат», — деди ал.

Жунушалиев бул үйлөр демөөрчүлөрдүн каражатынын эсебинен курулуп жатканын белгиледи.

Муну менен катар социалдык объектилердин курулушу жана оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул иштерге мамлекеттик бюджеттен 450 млн сом бөлүнгөн. Жалпысынан 8 объект, анын ичинде 5 мектеп, 2 бала бакча жана 1 ФАП калыбына келтирилет.

"Өткөн жумада Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча мамкомиссиянын жыйыны өттү. Анда бардык иштерди 1-сентябрга чейин буткөрүү тапшырмасы берилди", - деди ал.

Ошондой эле ал Максат айылында демөөрчүлөр 2 ФАП жана 1 бала бакча курууну өз моюнуна алышканын кошумчалады.

"Курулуш процесси президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун көзөмөлүндө. Биз күн сайын аларга маалымат берип турабыз",-деди А.Жунушалиев.

Эң көп окулган жаңылыктар