06:42
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Электр жарыгына жаңы тариф 1-сентябрдан тарта киргизилет

Электр жарыгына жаңы тариф 1-сентябрдан тарта киргизилет. Бул тууралуу маалымат жыйында Энергетика жана өнөр жай министрлигинин өкүлү Миргүл Айдарова билдирди.

Анын айтымында, жаңы тарифди 1-августтан ишке ашыруу пландалган.

«Эгер коомдук талкуу 15-июлда бүтсө, аны өкмөткө алып чыгууга бизге бир ай талап кылынат. 15-августка чейин өкмөттүн токтому керек. Андыктан электр жарыгана баа 1-сентябрдан баштап ишке кирет", - дейт ал. 

Белгилей кетсек, өкмөт сунуштаган жаңы тариф боюнча бир кВт/сааты 1 сом 9 тыйындан эсептелет. Эгер абонент бир айда 1000 кВт/сааттан ашык электр энергиясын жакса, андан аркы баа 2 сом 52 тыйындан саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар