07:59
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

COVID-19: Мэриянын бир катар аткаминерлерине сөгүш жарыяланды

Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов өзгөчө эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиясынын аткарылган иштери жөнүндө маалыматын укту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаар башчысы COVID-19 менен күрөшүү боюнча бир катар тапшырмаларды койду: коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүнүн арасында масканы милдеттүү түрдө тагынуу, антисептикти колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле айдоочуларга транспортту сөзсүз түрдө дезинфекциялоо жана жүргүнчүлөрдү салонго жык толтурбоо зарылдыгын түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Бактыбек Кудайбергенов борбор калаадагы коронавирустук инфекция боюнча өзгөчө кырдаалды жана эпидемияны алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды жетишсиз уюштургандыгын эске алып, бир катар чиновниктерге жаза белгиледи:

— Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри, шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын төрагасы Виктория Мозгачевага катуу сөгүш;

— Бишкек шаарынын вице-мэри Руслан Акылбековго коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышына жетиштүү контроль жүргүзбөгөндүгү үчүн эскертүү;

— Административдик райондордун башчылары — шаардык өзгөчө эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын комиссиясынын мүчөлөрү Мурат Осмоновго, Данияр Арпачиевге сөгүш, Максат Нусувалиевге катуу сөгүш, Бахтияр Карамшаковго эскертүү берилди.

Ошондой эле, COVID-19 менен күрөшүү ишине катышкан төмөнкү жетекчилерди катуу дисциплинардык жоопкерчиликке тартууну кароо тапшырылды:

— Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын социалдык бөлүмүнүн башчысы — Т.Темиркановага карата;

— Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы, шаардык штабдын төрагасынын орун басары жана шаардык өзгөчө эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын мүчөсү — Б. Исмаилованы;

— Бишкек шаарынын мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы — М.Амангелдиевге карата;

— Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы — Э.Иманалиевага карата;

— Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы — М.Мамбетовага карата;

— Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт бөлүмүнүн башчысынын орун басары — Э.Ункуевге карата.

Эң көп окулган жаңылыктар