04:03
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Владимир Путин «Спутник V» вакцинасы менен эмделгенин айтты

Орусия президенти Владимир Путин коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасын алганын айтты. Анын билдиришинче, мындан соң дене табы бираз көтөрүлүп, таңга маал басылган. 30-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин түз эфирде жарандардан келген суроолорго жооп берди.

Путин «ЭпиВакКорона» же «Спутник V» вакциналарынын бирин тандашы керек болгонун, ал акыркысын тандаганын, себеби ал узак убакытка чейин таасир берерин, аны Куралдуу күчтөр алып жатканын, ал өзү башкы кол башчы экенин айтты.

Эмне үчүн эмдөө алганыңыз туралуу сүрөт жарыяланган жок деген суроого Путин: «эгер эмдөөнү колго эмес, башка жерге алганда, аны да көрсөтүү керек беле?» деп жооп берген.

Владимир Путиндин коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнү 23-мартта белгилүү болгон. Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин өзүн жакшы сезип жатканын айтып, кайсы вакцинаны алганы жөнүндө үн каткан эмес.

«Спутник V» вакцинасын Орусиядагы Гамалеи атындагы борбор, «ЭпиВакКорона» вакцинасын Новосибирсктеги «Вектор» илимий борбору иштеп чыккан. Дагы бир орусиялык «КовиВак» вакцинасы Чумаков атындагы илимий борборго таандык. Бирок биринчи препараттын гана натыйжалуулугу жөнүндө илимий материалдар жарыяланган.

Эң көп окулган жаңылыктар