15:23
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Кумтөр» киргизилген убактылуу тышкы башкаруунун биринчи айын жыйынтыктады

2021-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин тескемеси менен «Кумтөр Голд Компаниге» (КГК) убактылуу тышкы башкаруу киргизилген. Ошол эле күнү, 2021-жылдын 17-майында, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын тескемеси менен КГКнын (мындан ары — компания) убактылуу тышкы башкаруучусунун кызмат ордуна Теңиз Бөлтүрүк болуп дайындалды.

2021-жылдын май айынын ортосунда «Центерра Голд Инк.» компаниянын кызматкерлеринин тарабынан глобалдык маалыматтык системаларга жана сервистерге кирүүсүнө тосуу аракеттери жасалды. Ушул сыяктуу иш-аракеттерге байланыштуу «Кумтөр» кен ишканасында коопсуздуктун, мониторингдин жана иштетүүнүн негизги системаларына коркунуч пайда болду, ошондой эле компаниянын кызматкерлеринин укуктары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери олуттуу түрдө бузулган. Буга карабастан, компаниянын жумушчулары убактылуу тышкы башкаруусунун киргизүүсүн туура кабыл алып түшүнүшүп, өз эмгек милдеттерин аткаруусун улантышты жана «Кумтөр» ишканасынын, анын бардык бөлүмдөрүнүн үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылышты.

Бүгүнкү күндө компаниянын МТ бөлүмүнүн күчү менен ички МТ-системаларынын 90% калыбына келтирилген, калган 10% жакын арада калыбына келтирилет.

«Кумтөр» кен ишканасы пландуу режиминде иштеп жатат. 2021-жылы алтын өндүрүүнүн көлөмү 470-510 миң унция же 14,62-315,86 тонна алтынды түзөт. Компания казып алуу боюнча көрсөткүчтөргө жетишүүнү карманууга ниеттенет. Жыл башынан бери 161 060 унция алтын өндүрүлгөн. 2021 жылдын 1-январдан 31-майга чейин «Кумтөр» кен ишканасынын жалпы өндүрүмдүүлүгү 84,114 млн тоо тектеринин тонналарын түзгөн. Анын ичинен 1 млн 789 миң тонна кен казылып алынган, орточо составы 1,908 г/т же 109 791 унция болгон.

Компанияга убактылуу тышкы башкаруу киргизилген күндөн тарта 44 миң унция алтын сатылган. Жалпы киреше $82,234 миллион түзгөн, жалпы дүң пайда $40,282 миллион өлчөмүндө алынган. Өздүк нарк $41,952 миллион түздү.

Алтынга болгон баанын өзгөрүүсүнө байланыштуу, 16 миң унция өлчөмүндөгү алтындын биринчи партиясында унциясы $1813,15 баада сатылган, ал эми 28 миң унция өлчөмүндөгү алтындын экинчи партиясында унциясы $1893,15 сатылган.

Компания тарабынан салыктар жана Кыргыз Республикасынын бюджетине башка чегерүүлөр боюнча учурдагы бардык милдеттенмелер аткарылып төлөндү. Кызматкерлерге эмгек акы өз убагында төлөнүп турат. Компания товарларды, жумуштарды жана тейлөөлөрдү аткарып жеткирүүчү уюмдар менен дээрлик толук эсептешти.

Азыркы учурда компания жеткирүүлөрдүн сапатына, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө жана алардын өз милдеттерин өз убагында аткара алышына көңүл буруп, өзүнүн материалдарга, товарларга жана тейлөөлөргө болгон стратегиялык муктаждыктары боюнча ар тараптуу талдоону жүргүздү. Компания жергиликтүү жеткирүүчүлөрдөн сатып алууну жүзөгө ашырууга аракет кылат. Чет өлкөдө жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн сатып алууга мүмкүн эмес товарлары алынат. Жүргүзүлүп жаткан сатып алуулар жөнүндө жарыялар компаниянын веб-сайтында чыгарылат.

Компания тоо-кен иштеринин өздүк наркын төмөндөтүү, курчап турган чөйрөгө таасирди азайтуу максатында болгон бардык маалыматка кылдат талдоо жүргүзүп жатат.

Кенди иштетүү стратегиясын өзгөртүү иштелип чыгууда, ал келечекте жасала турган тэхникалык жана экономикалык негиздеменин (ТЭН) негизинде жер алдындагы ыкма менен иштеп чыгууга өтүүнүн долбоорун өзүнө камтыйт. Ишенимдүүлүктү жогорулатуу жана ресурстарды «далилденген» жана «ыктымалдуу» категориясынан которуу үчүн кошумча геологиялык чалгындоо жана геотехникалык көзөө жумуштарын талап кылат. 2021-жылдын июнь айында компания тейлөөлөрдү жеткиричүүлөргө карата жаңы талаптарды эске алуу менен «Кумтөр» кен ишканасында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө коммерциялык сунуштарды кабыл алуу жөнүндө жарыялады.

Ошондой эле суюк жана катуу фазадагы калдыктарды алтынды бөлүп алуу максатында калдыктарды экинчи кайра иштетүү долбоору боюнча маселени иштеп чыгуусу кызуу түрдө башталды. Бул үчүн кошумча консультациялык кызматтарды тартуу, техникалык-экономикалык негиздемелерди жана ага байланыштуу долбоорлорду иштеп чыгуу жана аларды бекитүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уруксат жана лицензия алуу, чакан алтынды эритүү фабрикасын куруу жана ишке киргизүүнү талап кылат.

Ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жана айлана чөйрөгө аяр мамиле кылуу максатында чыпкалоо жана кошумча тазалоо иштеринен кийин алтын ылгоочу фабриканын технологиялык муктаждыктар үчүн карьердеги сууларды пайдалануу үчүн план иштелип чыгууда. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, алтын ылгоочу фабриканын муктаждыктары үчун карьердеги суулар менен 80-85%ды камсыз кылса болот. Алтын ылгоочу фабриканын технологиялык муктаждыктары үчүн карьердик суулары 80% ына жеткирил пайдаланса, айлануучу суунун колдонуу маселеси жокко чыгат.

Компания өлкө боюнча коомдук-экономикалык жана кайрымдуулук иш-чараларды ишке ашырууга багытталган жаңы узак мөөнөттүү программаларды иштеп чыгууга пландаштырууда. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү долбоорлорун активдүү колдоо көрсөтүүсү компаниянын саясатынын артыкчылыктуу багыты болуп кала берет.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонддун каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу жана натыйжалуу башкаруусун камсыздоо үчүн компания каржылоо принциптерин уюштуруу жана башкаруу боюнча жаңы эрежелерин сунуштайт. Бул сунуштарында региондун экономикасындагы артыкчылыктуу тармактарын каржылоо үчүн көзөмөлдүк функцияларды камсыз кылуусуна жана каражаттарды бөлүштүрүүсүнө басым жасалат. Ошондой эле фонддун Байкоо кеңешинин мүчөлөрүнүн санын кыскартуу жана ага компаниянын өкүлдөрүн киргизүү сунушталууда. Мындан тышкары, компания каржылоо жана башка иштер боюнча долбоорлорду тандап алуу үчүн консалтинг кызматтарын регулярдуу түрдө жардам берүүгө даяр.

Кесиптик-техникалык жана лидерлик көндүмдөрү бар кадрлар резервин камсыз кылуу, жаштарга иш тажрыйбасын берүү жана таланттарды табуу жана өнүктүрүү максатында 2021-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын үчүнчү жана төртүнчү курстарынын студенттери үчүн жайкы такшалма программасын жаңыртуусу жана кеңейтүүсү жөнүндө жарыяланган. Өндүрүштүк муктаждыкка карата компания ар кандай багыттагы студенттерди тандап алат. Кошумча ар түрдүү адистиктер боюнча стажерлердин санын көбөйттүк.

Компания эми мындан ары жаштар үчүн программаларына, таланттуу жаштарды табуу жана кубаттоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүүсүнө, жана алдыңкы технологиялары менен эл аралык баалуу тажрыйбанын алуусуна өзгөчө көңүл бурат. 2021-жылдын 22-24-июнь күндөрүндө Казакстан Республикасынын Караганда шаарында тоо-металлургиялык комплекси үчүн жана жер казынасын сарамжалдуу колдонуу үчүн технологиялары жана жабдуулары боюнча Mining Week Kazakhstan аттуу эл аралык көргөзмөсү өткөрүлдү. Эл аралык көргөзмөгө компаниянын ар кайсы бөлүмдөрүнөн 19 жаш адистери барып катышты. Иш сапардын жыйынтыгында катышуучулар компаниянын ар түрдүү өндүрүштүк-экономикалык маселелерин чечүү боюнча өз сунуштарын беришет, ал эми эң мыкты долбоорлор «Кумтөрдүн» объектилеринде киргизүүгө сунушталат.

Кумтөр кенинин токтоп калышын алдын алуу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы оор экономикалык кырдаалга байланыштуу президенттин администрациясы, министрлер кабинети, башка мамлекеттик органдар, «Кыргызалтын» ЖАК бардык керектүү жардамдарды көрсөтүшөт.

Өндүрүштүк ишмердүүлүктүн натыйжалары тууралуу толук маалымат жалпы дүйнөлүк практикага ылайык толук чейректик жана жылдык жыйынтыктар боюнча пресс-релиздерде жарыяланат.

Компания дагы өз ишинде ачык-айкындык философиясын карманат. Компания өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына баш ийет жана анын негизинде өз иштерин жүзөгө ашырат.

Компания төлөөгө жөндөмдүү болуп саналат жана кызматкерлердин, бөдрөтчүлөрдүн, жеткирүүчүлөрдүн алдында өз милдеттенмелеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бюджетинин алдындагы милдеттенмелеринин жана социалдык милдетмелеринин аткаруусун улантат.

Эң көп окулган жаңылыктар