10:59
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 17 млн доллар насыя жана грант бөлөт

Эл аралык өнүктүрүү ассоциясы 8,5 миллион доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана 8,5 миллион доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, насыя каражаты 38 жыл мөөнөткө 0,75 үстөк пайызы менен берилет. Алынган каражаттын 14 миллион доллары түздөн-түз жергиликтүү долбоорлорду каржылоого жумшалат.

Экономика жана финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, каражат негизинен элет жергесин өнүктүрүү чараларынын маанилүү маселелерин чечүү, экономикалык жана социалдык инфратүзүм объектилерин колдоо, ошондой эле COVID-19 илдетинин кесепеттерин жоюу чараларын көрүү, санитардык талаптарды сактоо багытында жумшалмакчы. АРИС долбоордуне негизги аткаруучусу болуп саналат.

Белгилей кетсек, каралып жаткан долбоор Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын 222 айыл аймагынын инфратүзүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталат. Ушул сындуу дагы эки долбоор бар, аларда башка аймактар камтылмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар