08:23
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте калктын 10 пайызга жетпеген бөлүгү эмделди

Учурда коронавируска каршы эмдөө алган бишкектиктердин саны 10 пайызга да жетпейт. Бул тууралуу эмдөө дарыгери Нарынкүл Орозакунова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кытайдын «Синофарм» вакцинасынан Бишкекке 16 миң адамга жеткендей доза тийген. Орусиянын «Спутник V» вакцинасы менен 6,8 миң адам эмделген. 17-июнда келген 80 миң доза «Спутник V» вакцинасынан борбор калаанын 25 миң тургунуна жетерлик доза бөлүндү .

«Бул оорудан аман-эсен чыгып кетүү үчүн калктын 70%ын эмдөө керек. Бизде азырынча башка аймактарды айтпаганда эле, Бишкекте 10%га жетпеген киши эмделди. Расмий маалыматтар боюнча борбор калаада 1,5 млн адам вакцина алуусу керек», — дейт ал.

Ал калк вакцинага ишенбей, келбей жатканы үчүн эмдөө иштери жай жүрүп жатканын белгиледи.

«Бизде эмдөө иштеринде башынан эле көйгөй бар болчу. Элдер Улуттук календарга кирген вакциналарды алуудан баш тартышчу. Коронавируска каршы вакцинадан да бүдөмүк ойлор болуп, баш тартышууда. Медицина кызматкерлеринин арасында деле албай койгондор болду», — деген эмдөө дарыгери калкты жоопкерчиликтүү болуп, эмдөөгө келип турууга чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар