03:37
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Кумтөр» боюнча кылмыш ишинин алкагында Тайырбек Сарпашев кармалды

«Кумтөр» боюнча кылмыш ишинин алкагында мурдакы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети билдирди.

Маалыматка караганда, Тайырбек Сарпашев мурдакы саясый жетекчилик менен бирге алтын кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна каршы келген «Центерра» компаниясын кызыкчылыгын коргогон.

Ал өкмөттө иштеп жатып «Мөңгүлөр жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышына каршылык көрсөткөн.

Эскерте кетсек, «Кумтөр» боюнча козголгон иштин алкагында депутат Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, мурдакы премьер-министр Өмүрбек Бабанов мурдакы депутат Исхак Пирматов, Талант Узакбаев кармалды.  

Эң көп окулган жаңылыктар