Жылуулукка жана жылуу сууга тариф 2021-жылы 25 пайызга кымбаттайт. Бул тууралуу коомдук талкууга коюлган «2021-2025-жылдарга карата Электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» Министрлер кабинетинин токтомунда айтылат.
Өкмөттүн билдирүүсүндө, жылуулук берүүчү тармагындагы жабдуулардын эскилиги жеткендигине байланыштуу тарифтерди көтөрүү талап кылынат.
Төлөм акы 2021-жылы 25 пайызга, 2022-жылы дагы 9,92 пайызга көтөрүлөт. Андан ары баа инфляцияга карата түзөтүлүп турат.