16:15
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өкмөт электр жарыгана төлөм акыны сентябрдан тарта өзгөртмөкчү

1-сентябрдан тарта электр энергиясынын жаңы тарифи ишке кириши күтүлөт. Бул тууралуу коомдук талкууга коюлган «2021-2025-жылдарга карата Электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» Министрлер кабинетинин токтомунда айтылат.

Ага ылайык бир кВт/сааты 1 сом 9 тыйындан эсептөө сунушталат. Бир айга 1000 кВт/сааттык чектөө коюлуп, андан ашса 2 сом 52 тыйындан саналат.

Электр жарыгынын баасы жыл сайын жогорулап турат.

Токтом долбоорундагы маалыматка ылайык, 2022-жылы электр энергиянын бир кВт/сааты 1 сом 48 тыйынга чыгат. Андан кийин жылдык инфляциянын деңгээлинде жараша кымбаттап турат.

Учурда Кыргызстанда элге электр энергиясы 1 кВт/саат үчүн 77 тыйындан берилип жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар